Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Душанбедеги CAFA турнири: Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы жеңиш менен старт алды

Турнирге Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышууда

CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдешинде Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы ишенимдүү жеңиш менен баштады.

Мелдеш 4-февралдан тарта Душанбе шаарында өтүүдө. Турнирге Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышууда.

Ата мекендик футболчулар Түркмөнстандан келген атаандаштарын 3:1 эсебинде утуп алышты.

Бүгүн Кыргызстандын курамасы кезектеги беттешин Тажикстандын командасы менен өткөрөт.

Биринчи айлампанын жыйынтыгы боюнча Иран курамасы турнирдик таблицада биринчиликти ээлеп, Кыргызстан экинчи орунга чыкты. Эки команданын тең үчтөн упайлары бар, бирок киргизген голдорунун саны боюнча биринчиси артыкчылыкка ээ. Үчүнчү орунда Тажикстан, төртүнчү орунда Түркмөнстан, акыркы орунда Өзбекстан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх