Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын жалгыз бой улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жылыткычтар берилди

Жылыткычтар Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен берилген

Борбор калаанын Свердлов районунундагы жалгыз бой улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жылыткычтар берилди. Бул тууралуу КР Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, жылыткычтар Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен алты пенсионерге берилген.


«Бишкек шаарынын бул топтогу жарандарынын муктаждыктары аныкталганына жараша Министрлик аларды жылыткычтар менен камсыз кылат. Муктаж болгондордун тизмеси Бишкек ЖЭБдеги авариядан кийин социалдык кызматкерлер барган жалгыз бой улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мониторинг жүргүзүү учурунда түзүлдү », — деп белгиледи Эмгек министрлиги.


Жалпысынан борбор калаада үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алган 573 адам бар. Бул жалгыз бой улгайган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жалгыз бой кары жубайлар. Алардын ичинен 370 кызмат алуучу борборлоштурулган жылытууга кошулган үйлөрдө жашайт. Калгандарында газ, электр же меш менен жылытуу бар.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх