Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энергетика министри: Бүгүнкү күндө Бишкектеги бардык үйлөр жылуулукка кошулду

«Шейшембинин таңына чейин биз 100% ысык суу менен камсыздайбыз деген ойдомун»

Бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулган. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Ал борбор калаадагы ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам маалымат берди.

Министрдин айтымында, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүп, 9 от казан жана 4 турбогенератор иштеп жатат.


«Бүгүнкү күндө бардык үйлөргө жылуулук берилди. Ысык сууну кошуу акырындык менен ремонттон өткөн аймактарда улантылып жатат. Бишкек Жылуулук электр борборунун ысык суу температурасы акырындап көтөрүлүп, жылуулук менен камсыздоо жакшыра баштады. Шейшемби күнү эртең менен ысык сууну 100% беребиз деген ойдомун», - деди Ибраев.

Эске сала кетсек, ЖЭБдеги авария 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулган.

Борбор калаадагы бардык мектептер жана бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окутуу режимине өткөн.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркап, экөөнүн абалы өтө оор. Алар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх