Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Борбор калаанын ЖЭБиндеги жарылуунун очогу аныкталды

"Жарылуунун күчү ушунчалык кубаттуу болгондуктан, аянты 650-680 метр болгон чатырды талкалап кеткен"

Борбор калаадагы ЖЭБде жарылуунун келип чыгышы аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Урмат Шамырканов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жарылуу көмүр майдалоочу жайда болгон.


"Жарылуунун очогу 14-буу казандын жанындагы көмүр майдалоочу жайда болгон. Жарылуунун күчү ушунчалык кубаттуу болгондуктан, аянты 650-680 метр болгон чатырды талкалап , айнек жана шыйпырдын сыныктары жүз метрге чейин чачырап кеткен»,-деп билдирди Урмат Шамырканов.

Эске сала кетсек, ЖЭБдеги авария 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулган.

Борбор калаадагы бардык мектептер жана бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окутуу режимине өткөн.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркап, экөөнүн абалы өтө оор. Алар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх