Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

CAFA Women’s Futsal: Кыргызстандын командасы Тажикстандык атаандаштарын утуп алды

Турнир Душанбе шаарында өтүп жатат

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA Women’s Futsal Championship 2024 Борбордук Азия турниринде экинчи жеңишке жетишти.

Мелдеш 4-февралдан тарта Душанбеде өтүүдө. Турнирге Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышууда.

Кечээ экинчи турда ата мекендик футболчулар Тажикстандын курама командасын 4:2 эсебинде утуп алышты. Оюнда Мурзакулова менен Рысбекова бирден гол киргизип, ал эми Кенжебүбү Ырысбек кызы эки гол киргизгенге жетишти.

Алгачкы беттеште кыргызстандыктар Түркмөнстандын футболчуларын 3:1 эсебинде утуп алган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх