Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Аза большой» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ал баңгизатты жасоого жана таратууга шектелүүдө

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармасында ыкчам кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мурда бир нече жолу соттолгон мүчөсү кармалды.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, буга чейин милицияга айрым жарандар Чүй облусунун аймагында баңги затын сактап, сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири – мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1983-жылы туулган, "Аза большой" каймана аты бар К.А. деп тастыкталган.

Ал 3-февралда Бишкектен кармалды. Өздүк тинтүү учурунда К.А. ширеңкенин кутусунун көлөмүндөй таңгакталган гашиш табылганы маалым болду.

Шектелүүчү Ысык-Ата РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх