Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кореянын жараны Кыргызстанга 3,5 миллион сомдук дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз алып келген - видео

231-берене (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду

Кореядан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды аткезчилик жолу менен ташып келүү каналы жоюлду, деп билдирди Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.

Ведомстводон билдиришкендей, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө дары-дармек жана медициналык буюмдар алынып келинип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголгон.

3-январь күнү Кореянын жараны 4 кутуча менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп, аны Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаага жүктөп, Бишкекти көздөй бет алганы аныкталган. Аталган унаа МАИ постунда токтотулган. Текшерүү учурунда кутулардан дары-дармектер жана медициналык буюмдар табылып, Кореянын Л.К. жараны бул заттарды эч кандай уруксат кагаздары жок контрабандалык жол менен Кыргызстанга алып келген.

Кореяда жасалган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы суммасы 1 миллион 538 миң 300 сомду түздү.

Мындан тышкары, Л.К.нын иштеген «Марина» медициналык борборунан да ушул сыяктуу аткезчилик жол менен 2 млн 55 миң 760 сомдон ашык суммага дары-дармек жана медициналык буюмдар алынган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх