Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаадагы №226 автобусунун жүргүнчүсү контролерго кол салды - видео

Аталган жүргүнчү башка бирөөнүн льготалык картасы менен бара жаткан

Бишкекте №226 автобустун жүргүнчүсү контролерго кол салды. Бул маалыматты борбор калаанын мэриясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү башка бирөөнүн «Тулпар» льготалык картасы менен колдонгон. Контролер картаны конфискациялоону туура көргөн соң, жүргүнчүгө мындай чечим жакпай ага кол салган. Контролер милиция чакырам дегенде гана, мыйзам бузуучу автобустан секирип түшкөн.

Учурда иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мэрия бирөөнүн картасын колдонууга жана өзунун картасын башкаларга берүүгө тыюу салынаарын эскертет. Мындай учурларда контролерлор жүргүнчүлөрдүн транспорттук карталарын алып коюуга укуктуу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх