Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын автобустарынын биринде контролерго кол салган жаранга айып пул салынды

Сот аны майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп тапты

Бишкекте №226 автобустун контролеруна кол салган 63 жаштагы жаранга айып пул салынды.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул факт электрондук маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Кол салган адам катары 1960-жылы туулган Л.К. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Свердлов райондук соту Л.К. жаранын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен күнөөлүү деп табып, ага 5500 сом айып салынган. Ошондой эле аны менен профилактикалык сүйлөшүү да жүргүзүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх