Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкекжылуулуктармагы»: Ысык суу бүгүн түнгө чейин бардык үйлөргө берилет

Бишкек тургундарынан суу жылыткычтарын өчүрүүнү суранышат

Бүгүнкү күндө борбор калаадагы бардык үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берилди. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.

Бирок, анын айтымында, ири коммерциялык уюмдарда азырынча жылуулук жана ысык суу жок,учурда адистер  иштеп жатат.

Райымбеков белгилегендей, ысык суу бүгүн түнгө чейин бардык керектөөчүлөргө кошулат.

«Биздин жумушчулар азыр режимди орнотуп жатышат. Көптөгөн жарандар ысык сууну өчүргөндөн кийин суу жылытуучу резервуарларды иштетишти. Эми суу берилгенде өчүрбөй, же туура эмес өчүрүп коюшат. Ошондуктан, ысык суу жок болушу мүмкүн. Көбүнчө муздак суунун басымы ысык сууну түртүп, кайчылаш агымдар пайда болот. «Бүгүн бардык абоненттерге ысык суу берилет», - деди ал.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх