Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБде калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат - фото

Бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 718 кызматкер тартылды

Бүгүн, 6-февралда борбор калаанын ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин ыкчам жоюуга 718 кызматкер жана 32 атайын техника тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, ӨКМден 50 куткаруучу жана 9 бирдик атайын техника тартылган. Алар тазалоо жана жылуулоо иштерин улантууда.

Жылуулук электр борборунун аймагында калыбына келтирүү иштерине катышып жаткан кызматкерлерге жылынуу үчүн орнотулган 4 чатыр бар.

Эске сала кетсек, ЖЭБдеги авария 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүү убактылуу токтотулган.

Борбор калаадагы бардык мектептер жана бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окуттуу режимине өткөн.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркап, экөөнүн абалы өтө оор болуп, Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх