Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Суу районунун тургуну аялына зомбулук көрсөттү деген шек менен кармалды

Шектелүүчү учурада убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда аялына зомбулук көрсөткөн жергиликтүү тургун кармалды.

Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлерине Теплоключенка айылынын тургуну кайрылып, күйөөсү мас абалында аны сабап, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген. Анын айтымында, ал күйөөсү тарабынан бир нече жолу токмок жеп келген.

Материалдар РИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ага ылайык алган жаракаттары жеңил жаракат катары мүнөздөлгөн.

Аталган факты боюнча Ак-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138 беренесине (Кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Теплоключенка айылынын 41 жаштагы тургуну Ч.У.бул иш боюнча кармалып, сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх