Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБдин жарылуусунан улам жаракат алган кызматкерлерге Түркияда операция жасалды

Жабырлануучулардын абалы оор бойдон калууда

Жылуулук борборундагы жарылуудан жабыркаган жумушчуларга Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын абалы оор бойдон калууда. «Бир жабырлануучуга эки күн мурда, экинчисине кечээ күнү операция жасалды», - деди Байгазиев.

Өз кезегинде Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги да жабыркаган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

«Чындыгында, жаракаттар оор. Жаракаттардын 60%дан ашыгы 3-даражадагы күйүк. Биз аларды дароо дарылоого кириштик. Учурда бул бейтаптарга хирургиялык жана медициналык дарылоо иштери жүргүзүлүүдө. Дарылоо узакка созулат», - деп билдирген түрк дарыгеринин сөзүн Haberler.com.

Эске сала кетсек, ЖЭБдеги авария 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүү убактылуу токтотулган.

Борбор калаадагы бардык мектептер жана бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окутуу режимине өткөн.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркап, экөөнүн абалы өтө оор. Алар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх