Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарындагы күйүп кеткен күркөлөр анын башка жакка көчүрүлүшүнө тиешеси жок

"Ош базарынын аймагындагы ири өрт тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт"

Күйүп кеткен күркөлөр анын башка жакка көчүрүлүшүнө тиешеси жок, деп билдирди Бишкек мэриясы.

Ведомстводон билдиришкендей, Ош базарынын аймагындагы ири өрт тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

«Ленин акимиатынын маалыматы боюнча, Фучик көчөсү, 20/8 дарегинде 2024-жылдын 4-февралына караган түнү «Азия-Универсал» кичи базарында өрт чыгып, 2 күркө күйгөн. Бул окуя ири өрт категориясына кирбейт. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Өрттөнүп кеткен күркөлөр Ош базарынын жана Токтогул менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги демонтаждалган объекттердин көчүрүлүшүнө тиешеси жок, анткени бул эки башка дарек», — деп айтылат маалыматта.


Мэрия шаар боюнча бардык уруксатсыз орнотуулор бузулуп жатканын кошумчалады. 2023-2024-жылдарда Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы 8 миңге жакын объектини демонтаждады.


Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Ош базарында бузуу иштери жүргүзүлүп жаткандагы видео тараган. Шаар тургундары шаар бийлиги базарды бузууга киришти деген божомолдоолорду келтиришкен. Борбор калаанын мэриясы бул маалыматты четке кагып, Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объектилер бузулуп жатканын билдирген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх