Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов: Ушул жылдын июнь айына чейин ар бир мугалимде ноутбук болот

"Мугалим окуучудан акылдуу болушу керек, бул талап"

Ушул жылдын июнь айына чейин Кыргызстандын бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусунда өткөн коллегияда билдирди.

«Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ушул жылдын июнь айына чейин ар бир мугалимде ноутбук болот. Биз Кытайда болуп, анда ноутбук чыгарган компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Ошол жерден түздөн-түз сатып алууга аракет кылабыз. Ар бир мугалим өзүн-өзү өнүктүрүү жана үйрөнүү максатында ноутбук менен иштөөгө күнүнө 1-2 саат бөлүүсү керек болот. Мугалим окуучудан акылдуу болушу керек, бул талап. Мындан тышкары 5 жылда бир жолу мугалимдер квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп турушат. Ошон үчүн биз билим жагынан артта калдык. Алдыдагы 5 жылга план бар. Ар бир мугалимде ноутбук болсо, анда билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болот», - деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы Байсаловдун сөзүн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх