Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун китеби илим изилдөө институттарына жана илимий китепканаларга таратылат

Билим берүү жана илим министрлигине 1500 даана китеп келген

Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеби илим изилдөө институттарына жана илимий китепканаларга берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 6-февралда министрликке китептин 1500 даанасы келип түшкөн. Алар илим изилдөө институттары арасында бөлүштүрүлүп, 20 китеп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасына берилет.

Билим берүү министрлиги бул китеп «Улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ » деп белгиледи.


Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” китеби төрт бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө жаңы Кыргызстанды түзүү идеясы кандайча пайда болгонун баяндайт; экинчисинде өлкөнүн негизги идеологиялык багыттары тууралуу жазган; үчүнчүсүндө кыргыз элинин каада-салты жана маданиятын сүрөттөгөн; төртүнчүсү жыйынтыктоочу бөлүм.


Бул китеп Садыр Жапаровдун экинчи китеби. 2015-жылы анын “Саясаттагы он жыл” деген китеби жарык көргөн. Китепте ал жылдардын ичинде республикада болуп өткөн олуттуу саясий окуяларды баяндаган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх