Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды

72 аял «Баатыр эне» орденине ээ болсо, 59 аял «Эне даңкы» медалдары менен сыйланды

Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты.


Борбор калаанын төрт районунун акимдери аларды татыктуу мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашты.

Алсак, Биринчи май району боюнча 17 эне «Баатыр эне», 13 эне «Эне даңкы» наамын алышты.

Октябрь районунда 4 эне «Баатыр эне» орденин алса, 7 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.

Свердлов районунда 14 эне «Баатыр эне» ордени жана 23 эне «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган.

Ленин району боюнча 37 эне «Баатыр эне», 16 эне «Эне даңкы» наамын алышкан.


«Бишкек шаарынын мэриясы коомубуздун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон бардык энелерге терең ыраазычылык билдирет. Сиздерди татыктуу сыйлыктарыңыздар менен куттуктайбыз» -дейт муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх