Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бул эч кандай диверсия эмес, шалаакылык". Депутат ЖЭБдин жетекчилигин жазалоого чакырды

«Миллиард сомдон ашык зыян тууралуу маалымат айтылууда»

Депутат Эмил Токтошев бүгүн, 2-февралда ЖЭБде болгон авария үчүн тиешелүү жетекчилер жазаланышы керектигин айтты.

Ал ошондой эле стратегиялык объектидеги өзгөчө кырдаалга саясий баа берүүгө чакырды.

"Бул эч кандай диверсия эмес, шалаакылык. Жыл ичинде ЖЭБде үч жолу жетекчи алмаштырылган. Бактыга жараша, жардыруу түн ичинде болгон. Жарылуу күндүз болгон болсо элестетүү да коркунучтуу. Миллиард сомдон ашык зыян тууралуу маалымат айтылууда», - деди Токтошев.

Эске сала кетсек, борбор калаадагы ЖЭБдеги авария 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулган.

Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин 5 жумушчусу жабыркап, экөөнүн абалы өтө оор. Алар Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх