Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камактагы журналист Тыныстан Асыпбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

"Биздин иште эч бир күнөөсүз адамдардын укуктары тебеленүүдө"

Кечээ, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда “Teмиров Live” медиасынын мурдагы журналисти Тыныстан Асыпбековдун баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Камактагы журналист Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.

«Жогорку Кеңештин кайдыгер эмес депутаттарына кайрылам. Биздин иш боюнча депутаттык комиссия түзүп, көз салып койсо жакшы болот эле. Биздин иште эч бир күнөөсүз адамдардын укуктары тебеленүүдө. Укуктар тебелене берсе укуктук мамлекет болбой калабыз. Мен «Темиров Лайв» медиасынан кеткениме эки жыл болуп калды. Азыркы видео 2023-жылдын аягында тартылган экен. Тергөө тарап эч кандай далили жок мага окшогон адамдарды камап жатат. Депутаттар бул ишке көз салып койбосо укук тебеленип, башаламандык уланып жатат. Ушуга маани берип койсоңуздар. Сөз эркиндиги Кыргызстанга керек», — деди Тыныстан Асыпбеков.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх