Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаардык сот Ырыс Жекшеналиевдин актоо өкүмүн күчүндө калтырды

Буга чейин прокуратура апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган

Бишкек шаардык соту Ырыс Жекшеналиевге карата актоо өкүмүн күчүндө калтырды.

Буга чейин прокуратура блоггер Ырыс Жекшеналиевди актаган өкүм боюнча шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган. Прокурор ишти кошумча тергөө үчүн биринчи инстанцияга кайтарууну суранган.

Бүгүн Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, баш калаанын Биринчи Май райондук сотунун мурдагы өкүмүн күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик видео кайрылуусунун «Полит Узник» баракчасына жайгаштырганы үчүн кармалган. Ал “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” беренеси боюнча айыпталган.

Айыптоочу тарап Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну соттон суранган. Бирок 2023-жылдын 4-декабрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту актоо өкүмүн чыгарган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх