Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек

«Ойлорун көчөгө чыгып айтабы, же интернеттен айтабы, айта беришсин. Эч ким тыйбайт»

Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың, ага эл жол бербейт, деп билдирди Садыр Жапаров өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде.

«Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат», - деди Жапаров.


Анын айтымында, эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барса, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек.


«Ал эми чыныгы сөз эркиндигин колдонуп, бийликти сындап, бийликте олтурган коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айтып тургусу келген жарандарыбыздын жөнү башка. Алардан бизге бир гана пайда келет. Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу, же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин. Уятсыз, мыйзам бузган чиновниктердин бетин ачканга салым кошкон болушат. Андайлардан дароо тазаланганга бизге жардам берген болушат. Бизде ким эмнени кааласа сүйлөп атат го, сүйлөй беришсин. Ойлорун көчөгө чыгып айтабы, же интернеттен айтабы, айта беришсин. Эч ким тыйбайт»,-деди президент.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх