Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү ишкер, “Алкан базарынын” негиздөөчүсү Райкан Алканов көз жумду

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-февралда Арал айылында өтөт

5-февралда белгилүү кыргызстандык ишкер жана коомдук ишмер Райкан Алканов 91 жашында Германияда каза болгон.

Анын сөөгү бүгүн, 8-февралда Бишкекке жеткирилет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-февралда Арал айылында болот.

Райкан Алканов 1935-жылы 9-майда Талас районунун Арал айылында туулган. «Алканов жана Компания» («Алкан Базары» ЖЧКсы) ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору, «Кыргыз Республикасынын согуш, эмгек, Куралдуу Күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун» төрагасынын биринчи орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин координациялык кеңешинин комитетинин мүчөсү, КР Ишкерлер союзунун, КР бокс федерациясынын, Көк-бөрү федерациясынын президенти болгон. 2007-жылдан азыркыга чейин ЕврАзЭС-Кыргызстан ишкерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келген. Ал ошондой эле көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх