Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банкынын төрагасы Ротшильддердин компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты

6-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаевдин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К. Бакетаевдин «Rothschild & Co» финансылык-холдинг компаниясынын башкармасынын мүчөсү Ариэль Малард де Ротшильд жетектеген делегациясы менен биргелешкен жолугушуусу болуп өттү.


Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз тараптын «Rothschild & Co» компаниясынын консультациялык жана инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушкан.


Маалымат үчүн:Rothschild & Co - Ротшильд үй-бүлөсүнүн француз жана англис мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн жана башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан финансылык холдингдик компания. Бул Ротшильд банк тобунун флагманы.

Фирманын банк ишкерчилиги инвестициялык банкинг, реструктуризациялоо, корпоративдик банкинг, жеке капитал, активдерди башкаруу жана жеке банкинг чөйрөлөрүн камтыйт. Ал ошондой эле өкмөттөр менен ири корпорацияларга кеңешчи жана кредитор катары белгилүү. Мындан тышкары, компаниянын өзүнүн жеке инвестициялык эсеби бар.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх