Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкеринен 1 миллион сом талап кылган адам кармалды - видео

Аны пара алып жаткан жеринен кармашкан

Милиция кызматкерлери укук коргоо органынын кызматкеринен опузалап 1 миллион сом талап кылган деген шектелүүчүнү кармады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, милицияга А.Э. аттуу жаран Т.А. менен сүйлөшүп алып милиция кызматкеринен 1 миллион сом талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

8-февраль күнү 100 миң сом алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган А. Э. аттуу жаран кармалган.

Аталган шектелүүчү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх