Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Патрулдук милиция кызматкерлерин реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ачылды

Патрулдук милициянын унааларына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду

Борбор калаадагы милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын патрулдук 100дөн ашык унаалары жумуш убактысында тынымсыз тартып турууга жөндөмдүү болгон GPS жана видеорегистраторлор менен жабдылды. GPS жана видеорегистраторлор глобалдык позициялоо тутумуна туташтырылган, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

«Кырдаал борборунун кызматкерлери монитордон жалпы көрүнүштү карап, учурда тигил же бул патрулдук унаа азыр кайда, кызматкерлер унаанын ичинде эмне кылып жатканын көрүп турушат», - деп белгилешти ведомстводон.


Ички иштер министрлигинен кошумчалагандай, орнотулган GPS жана видеорегистраторлор көзөмөлдөө элемент катары дагы колдонулат, бул нөөмөт учурунда кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө, унаанын маршрутун, ылдамдыгын, токтоп турганы жана башкалар тууралуу маалыматты жазууга мүмкүндүк берет.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх