Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

Себеби эмнеде?

Эртең, 20-февралда Бишкек шаарынын айрым конуштарында, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Өчүрүү району:
• «Мурас-Ордо» турак жай конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин;
• «Калыс- Ордо» турак жай конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх