Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды

Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет

Бишкекте 4 курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы "Профит-Экспресс", "Турпан Строй", "Рояль Констракшн", "Авангард Стиль" курулуш компанияларына тазалыкты сактабагандыгы үчүн 92 миң сом суммасында айып салынды.

Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, булганган дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат.

Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх