Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Себеби эмнеде?

Каракол – Эңилчек унаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-февралдан 18-февралга чейин кар көп жаап, унаа жолдун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды.

Бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх