Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Жаңы футбол стадиону эки жылдын ичинде курулуп бүтөт

Садыр Жапаров бул долбоорду УКМКнын башчысына жеке көзөмөлүнө алуусун тапшырган

Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы футбол стадиону эки жылдын ичинде курулуп бүтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун жаңы президенти Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев президент Садыр Жапаров анын бул долбоорду жеке көзөмөлүнө алуусун тапшырганын белгиледи.

- Стадиондун курулуш иштерин жакынкы 10-15 күндүн ичинде баштоону пландап жатабыз. Биз стадионду эки жылда курабыз деген ойдобуз. Долбоор менин жеке көзөмөлүмдө, — деди Ташиев.
Стадиондун жалпы сыйымдуулугу 40 миң орунду түзөт. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Эске cалсак, президент Садыр Жапаров былтыр 30-августта Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх