Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө Манасчылар паркы курулат

Анда Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлөт

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына Манасчылар паркы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, парк комплексинин эскиздик долбоору Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Белгиленгендей, Манасчылар паркы Теплоключенка айылынын күн-батыш тарабына курулат.

- Аталган паркта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлүп, жаштар үчүн сейил бак катары, меймандар үчүн сый көргөзүү катарында багытталган ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат, — деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх