Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште күмүш медаль тагынды

Ал 200 метр аралыкты 1 мүнөт 51 секундда сүзүп өттү

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШнын Студенттик ассоциациясынын чемпионатынан (NCAA) күмүш медалды жеңип алганын КР Суу спорту боюнча ассоциациясы билдирди.

Ал 200 метрди 1 мүнөт 51 секундада сүзүп өттү.

Белгиленгендей, Денис Петрашов бул ассоциацияда 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча рекорддун ээси.

"Ал Америка Кошмо Штаттарынан Филиппинге карай узак учуу сапар алдында турат, ал жерде эртеси күнү суу спорту боюнча 11-Азия Чемпионатына катышат", - деп белгилейт ассоциация.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх