Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда айдоочу жүргүнчүсүн зордуктоого аракет кылып, андан соң эки ирет унаа менен сүзгөн - видео

Жабырлануучу ооруканага кайрылып, шектүү кармалды

Жалал-Абадда аялды зордуктоого аракет кылып, андан соң унаа менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 23-февралда саат 01.30дар чамасында болгон. Белгисиз адамдар үйүнө жеткиребиз деген шылтоо менен 35 жаштагы К.А. аттуу жүргүнчүнү алган. Айдоочу жүргүнчү аялды зордуктоого аракет кылып, жабырлануучу унаадан качып чыгууга үлгүргөн, андан соң айдоочу аялды эки ирет унаа менен сүзүп кеткен. Айдоочу жеринен изин жашырып кеткен.

Жабырлануучу алган жаракаттары менен ооруканага кайрылган.

Ыкчам кызматкерлер Субару үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун аныктап, кармашкан. Унаа айып жайга киргизилип, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх