Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев камакка алынды

Ал 19-апрелге чейин камакта болот

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасын борбордун Биринчи Май райондук соту тандады.

Жолдошбаев 19-апрелге чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, УКМКнын маалыматы боюнча, «Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан деп жана алдамчылык иши боюнча шектелүүдө. Ал 21-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх