Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Бул тууралуу КР Маданият министри билдирди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында бөлүм башчы Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул маселе талкууланып жатат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөндөр цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана сактоо максатында 2012-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын эң ири эл аралык долбоору.

2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөрүлгөн, быйыл Казакстанда өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх