Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды
Ал опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалган
Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды. Маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Жолболдуева 26-мартка чейин үй камагында болот.
Эскерте кетсек, 6-февралда блогер Батмакан Жолболдуева мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкеринен акча талап кылган деген шек менен кармалган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз