Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада «Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» ишканалары бириктирилди

Жаңы ишкана «Бишкекжашылкурулуш» деп аталат

Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын 6-февралдагы №17 токтому менен «Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды. Азыр аталган ишкана «Бишкекжашылкурулуш» МИси деп аталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Бишкексуучарба» жетектеген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх