Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев Испания өкмөтүнүн башчысы менен жолугушту - фото

Бул тууралуу Темирлан Султанбеков билдирди

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Испания өкмөтүнүн башчысы Педро Санчес менен жолугушту. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбеков социалдык түйүндөр аркылуу билдирди.

«Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Испания өкмөтүнүн башчысы П.Санчес менен кезектеги жолугушуу өткөрдү. Бир катар маселелер талкууланып, өз ара жардамдашууну улантуу мүмкүнчүлүгү ырасталды. Мындан тышкары, Атамбаев дарылануунун жүрүшү жана алдыдагы процедуралары тууралуу айтып берди», — деп жазды Султанбеков.


Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаева Испанияга дарылануу үчүн 2023-жылдын февраль айында учуп кеткен.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх