Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада 108 гаражды демонтаждоо иштери башталды

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди

Бишкек шаарында жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Ленин райондук акимиаты, транспорт департаменти жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Асаналиев 12 көчөсүндөгү «№27а гараж» кооперативин демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

108 гаражды демонтаждоо иштери «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын долбоору боюнча жүргүзүлүп, Бакаев көчөсү Л. Толстой көчөсүнөн Ж. Бөкөнбаев көчөсүнө чейин темир жол аркылуу эстакадалык өтмөк курууга тоскоолдук жараткан.

Буга чейин, 2024-жылдын 15-февралында «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасы «№27а гараж» кооперативин менен унаа токтотуучу жайларды берүү боюнча ижара келишимин бузган.

2024-жылдын 16-февралында жетекчилик тарабынан 5 календардык күндүн ичинде ыктыярдуу түрдө муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх