Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан жана тик учактын кыйрашынан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди

Алар түрк клиникасында дарылануусун улантышууда

Түркияда дарыланып жаткан Бишкек ЖЭБиндеги авария жана аскердик тик учактын кыйрашынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда


Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргыз Республикасынын эки жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат.


«Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Аталган маселе Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат.», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Эске сала кетсек, ЖЭБдеги авария 2-февралга караган түнү болгон. Жарылуунун кесепетинен жылуулук борборунун 5 жумушчусу жабыркаган. Оор күйүк алган эки жаран Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Тик учактын кыйрашынан жабыркаганиэки аскер кызматкери да ал жакка дарыланууга жөнөтүлгөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх