Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовго тиешеси бар үч депутат Кыргызстандан чыгып кетти

Айбек Осмонов өлкөдөн чыгып кеткенин тастыктап, бирок муну менен саясат кылыштын кереги жок экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искендер Матраимов Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарга таянуу менен жазышууда.

Депутат Айбек Осмонов ден соолугуна байланыштуу Түркияга дарыланууга учуп кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

«Мен депутат болгонго чейин деле жыл сайын февраль айында дарыланам. Былтыр же мурдагы жылды да карап көрсөңөр болот. Быйыл да ушул айда дарыланганы келдим. Төрага менен сүйлөшүп декабрда эле келейин дегем. Бирок “бир аз коё тур” дегенинен февралга жылып калган. Менин бул жакка келгениме бир жума болуп калды. Мени чыгып кетти деп саясат кылыштын кереги жок. Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бардыгы ден соолугуна байланыштуу жумуштан уруксат алып кетсе болот”, - деди депутат журналисттерге.

Эске сала кетсек, буга чейин Регион телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда мурдагы бажычы Искендер Матраимовдун бир тууган агасынан тышкары Абдывахап Боронбаев, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Надира Нарматованын ысымдары аталган. Материал Райымбек Матраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында издөө жарыялангандан кийин чыккан, УКМК анын мүлкүн камакка алган. Ошондой эле Матраимовго тиешеси бар депутаттар мандаттарын тапшырышы керек деген маалымат айтыла баштаган.

Депутат Абдывахап Боронбаев биринчилерден болуп ыйгарым укуктарынан баш тартып, мандатын тапшырды. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимовду жана Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыраткан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх