Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады

Анын айтымында, Жээнбеков Матраимовду саясатка алып келген, ошондуктан экс-президент макамына татыксыз

Депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда коррупцияга жана Райымбек Матраимовдун жактоочуларына каршы күрөш активдүү жүрүп жатат.

«Ага жакын мамиледе болгон депутаттар мандатын тапшырышты, дагы бир нечесин мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарынан бошоткон көздөп жатышат, жада калса министрлерди кызматтан кетирүүнү каалап жатышат. Ал эми Матраимовду саясатка алып келген Сооронбай Жээнбеков дагы эле мамлекеттин эсебинен жашап, мамлекеттик унаа айдап, мамлекеттин акчасын алып жүрөт», - деди Түмөнбаев.

Ал белгилегендей, Жээнбеков губернатор, премьер-министр болуп турганда Райымбек Матраимовду колдоп келген.

«Аны экс-президент макамынан ажыратуу керек. Коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатса, анда баардыгы жооп бериши керек», - деди эл өкүлү.

Ал бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү суранды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх