Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кырсык болуп ооруканага туштум, тез арада акча керек. Бишкек шаарынын тургуну телефон аркылуу алдамчы менен сүйлөшкөнүн жаздырып алды – видео

Сак болуңуздар! Учурда алдамчылар көбөйүүдө

Учурда телефон аркылуу байланышка чыккан алдамчылар көбөйүп жатат. Шылуундар мурдагы эле алдоо схемасын колдонуп келе жатышат, алардын жакын тууганы экендигин айтып, кырсык болуп ооруканага тушкөнүн, тез арада акча керек экенин билдиришүүдө.


Мындай телефон чалуу кечээ кечинде Бишкектин тургунуна түшкөн. Ал өзүн жоготпостон, шылуундар менен суйлошуп, баарын видеого тартып алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкекте бул схема менен жарандарды алдап, алардын акчасын алууга аракеттенген шылуундар кармалганын билдирген. Кармалгандардын арасында коңшу республикалардын жарандары да бар.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, акыркы күндөрү жарандарга ушул сыяктуу 100дөн ашуун чакыруулар түшкөн. Алдамчылар стационардык телефон аркылуу негизинен улгайган кишилерге чалып, жол кырсыгына учураган ошол эле окуяны айтып беришүүдө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх