Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу болбойт

Сууну өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу

Бүгүн, 29-февралда Бишкектин үч конушунда турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, саат 09.00дөн 20.00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында суу жок болот.

Өчүрүү Ак-Жар, Ак-Бата суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх