Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын кызматкери Шымкентте өткөн ок атуу боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

Мелдешке алты өлкөдөн 230 аткыч катышкан

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери ок атуу боюнча мелдеште 3-орунду ээледи.

Маалыматка ылайык, 22-февралдан 29-февралга чейин Казакстандын Шымкент шаарында ок атуу боюнча «Алтын Мерген» эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү.
Аталган мелдешке алты өлкөдөн: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 230 аткыч катышты.
“Алтын мерген” атуу мелдештин жыйынтыгында 3-орунга КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээ болду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх