Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас лицейинин кызматкерлери 1 миллион 600 миң сомдук эмгек акыларын мыйзамсыз өздөштүрүп алышкан

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду

Талас лицейинин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

КР Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө лицейдин жооптуу адамдары тарабынан 2019-2023-жылдар аралыгында белгиленген айлык акыдан сырткары 1 млн 662 миң 337 сом акча каражатын эмгек акыны эсептөө китебине киргизбестен, өздөрүнүн банктык карталарына мыйзамсыз которуп алышкандыгы аныкталды.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, ишти иликтөө Талас облусунун ОИИБисине тапшырылды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх