Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакында борбор калаанын жолдорунда чуңкурлар оңдолот

Мэрия жарандарды түшүнүү менен мамиле кылууну суранат

Бишкек шаарында кышкы сууктан кийин жолдордогу айрым тилкелерде асфальт төшөлмө талкаланганы байкалууда. Жаздын келиши менен бул тууралуу шаардыктардан келген даттануулар да көбөйүүдө.

Жолдордо аң-чөнөктөрдүн пайда болушу табигый процесс жана аба ырайынын өзгөрүшүнө, транспорттун интенсивдүү кыймылына байланыштуу.

Жолдордогу оюлган чуңкурлар көбүнчө эксплуатация мөөнөтү аяктаган эски жолдордо болууда.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө мониторинг жүргүзүп, көйгөйлүү тилкелерде убактылуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Борбор калаада суук аба ырайы сакталып жаткандыктан, чуңкурларга ысык асфальт төшөп, оңдоо мүмкүн болбой жатат. Учурда кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн убактылуу материалдар менен гана маселе чечилүүдө.

Аба ырайы турукташканда ишкананын кызматкерлери шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоого киришет. Айрым көчөлөрдү толугу менен асфальттоо пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх