Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Март айында кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт

Келерки дем алыш күндөрү кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат

Март айында кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келерки дем алыш күндөрү кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат. 8-март расмий дем алыш күнү болгондуктан 7-март кыскартылган иш күнү болуп белгиленген. Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен 8-9-10-март күндөрү эс алат.
Кошумчалай кетсек, 21-марттан 24-мартка чейин дагы узак дем алыш күндөрү болот. 21-мартта белгиленүүчү Нооруз майрамы быйыл бейшембиге туш келди. Буга байланыштуу министрлер кабинети 22-мартты (жума) дем алыш күнү деп жарыялады.

Ал эми 22-марттагы иш күнү 8-апрелге (дүйшөмбү) жылдырылды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх