Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москва райондук сотунун судьясы кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Буга чейин ал пара талап кылып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган

Кыргызстандын Судьялар кеңеши Москва райондук сотунун судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.

Соттор кеңеши 5-марттагы жыйынында Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карады.


Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын сунушу канааттандырылды. Кыргыз Республикасынын Президентине судьяны кызматынан убактылуу четтетүү боюнча сунуш киргизилди.

Буга чейин Москва райондук сотунун судьясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал «Пара талап кылуу» иши боюнча шектелип жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх