Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Англия банкынын жетекчилери кызматташуу маселелерин талкуулашты

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө макулдашышты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана мамлекеттик коммерциялык банктарынын делегациясынын Лондон шаарына (Улуу Британия) иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Англия Банкынын төрагалары Кубанычбек Боконтаев менен Эндрю Бэйлинин жолугушуусу болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдагандай, борбордук банктардын жетекчилери Улуу Британияда жана Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат маселелерин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу органдардын акча-кредит саясатынын келечектеги багыттарына карата күтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.


Тараптар пикир алмашып жана акча-кредит саясаты маселелери боюнча эки тараптуу өз ара иш жүргүзүүнү жана Улуттук банктын негизги иш багыттары боюнча техникалык кызматташууну андан ары күчөтүү тууралуу макулдашышты.


Иш сапардын алкагында Улуттук банктын делегациясы Англия Банкынын эксперттери менен кеңири жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар банк ишин жөнгө салуу, төлөм системаларын жана борбордук банктардын санарип валюталарын өнүктүрүү маселелерин жана ошондой эле монетардык чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык инструменттерди колдонуу тажрыйбасын талкуулашты.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх