Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Кыргызстанда эмне үчүн электр жарыгы өчүрүлүп жатканын түшүндүрдү

«Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек»

Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде Кыргызстандагы электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинин биринчи агрегаты 1975-жылы ишке киргизилип, бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.


«Демек, жараксыз абалга кептелген десек болот. Негизги иштөө мөөнөтүнүн кепилдиги 30 жылды түзөт. Ал эми биз 50 жылдан бери тынымсыз жана үзгүлтүксүз колдонуп келе жатабыз. Ошондуктан "Токтогул" ГЭСинин 1-гидроагрегатын 5-марттан тарта реконструкциялоо үчүн токтоттук. Кышка чейин оңдоодон өткөрүп алсак, 60 МВт кошулат.


Ал эми 2-4-гидроагрегаттарын 2022-2023-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүп алганбыз. 3-агрегатын эмдиги жылы капиталдык оңдоодон өткөрөбүз. Ошону менен "Токтогул" ГЭСи дагы 40-50 жыл Кыргызстан элине былк этпей кызмат кылып берет. Капиталдык оңдоолордун пайдасынан 240 МВт кошумча электр энергиясы кошулат», - деди президент.


Ал ошондой эле Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке берилгенден бери бир да жолу оңдолбогондугун белгиледи. ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 1992-жылы аяктаган.


«ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, дээрлик жараксыз абалга келиптир. Ушуга байланыштуу "Үч-Коргон" ГЭСин модернизациялоо дагы өтө маанилүү. 5-марттан баштап "Үч-Коргон" ГЭСинин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо үчүн токтотуп жатабыз. Ушул иштерге байланыштуу электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат.


Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет. Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет», - деди президент.


Ал ошондой эле 30 жыл ичинде бир дагы кошумча ГЭС курулбаганын, өлкөнүн калкы дээрлик эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи.


«Мындан сырткары, кышкысын 3 миллиард кВт- саат электроэнергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Суунун башында туруп, электроэнергиясын импорттогонубуз өтө уят нерсе. Муну биз 30 жыл алдын ала эле ойлонуп, намысыбызга келишибиз керек эле. Эң жок дегенде, жылына 50 МВттык ГЭСтерди куруп келгенибизде, бүгүн мындай көйгөй жаралбайт эле», — деди мамлекет башчысы.

Эскерте кетсек, Энергетика министрлиги электр жарыгын керектөөнүн өсүүсүнө байланыштуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып, ГЭСтин токтоп калышына алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Ошол себептүү, 5-марттан тарта Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын оңдоо жана Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери башталгандыктан өлкө боюнча электр жарыгы өчүрүлө баштады. Энергетиктер белгилегендей, жөнгө салуу чаралары электр энергиясы эң көп керектелген маалда: саат 6:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин жүргүзүлөт.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх